Башкы консулдуктун кызматкерлери “Большой Урал-2022” эл аралык туристик форумунда Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты

1005

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2022-жылдын 24-октябрында, Екатеринбургта өткөн «Большой Урал-2022» X Эл аралык туристтик форумуна катышты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери презентация өткөрүп, форумдун катышуучуларына жана конокторуна Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде кышкы, жайкы, ден соолукту чыңдоо жана өлкөнүн тоо лыжа курортторуна өзгөчө көңүл буруп, туризмдин башка түрлөрү өнүгүүсү жөнүндө айтып беришти.

X Эл аралык туристтик форум 2013-жылдан бери Уралдын борборунда жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул Орусиянын Урал федералдык округунун туризм тармагындагы эң ири бизнес – иш-чарасы болуп саналат. Форумдун салтанаттуу ачылышында Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Ионин Дмитрий Александрович, Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Богашов Александр Евгеньевич жана Россиянын туроператорлор союзунун өкүлдөрү саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.

Быйылкы форумдун катышуучуларына, чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү, Россиянын региондору, орусиялык жана чет өлкөлүк туроператорлору, ошондой эле туризм тармагынын башка өкүлдөрү кирди.

                                                                                     

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK