Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Консулу Гульнура Нарматованын «Урал аба жолдору» ААКнын коммерциялык директорунун орун басары Елена Можавина менен жолугушуусу болуп өттү

183

2024-жылдын 29-январында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Консулу Гульнура Нарматованын «Урал аба жолдору» ААКнын коммерциялык директорунун орун басары Елена Можавина менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө социалдык түйүндөрдө кыргызстандыктардын Россия Федерациясынын аэропортторунда, ошондой эле учактын бортундагы тейлөөнүн сапаты жана «Урал аба жолдору» ААКнын өкүлдөрүнүн жана кызматкерлеринин орой мамилеси тууралуу видеотасмалары тарап жаткандыгын билдирилди. Андан сырткары, «Манас» аэропортунда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү учакка отуруу учурунда кол жүгүнүн нормадан ашкандыгы үчүн жана кечигип келген жүргүнчүлөрдү каттоого жана отургузууга кошумча төлөмдөргө нааразычылыктар жаралуусу белгиленди.

«Урал аба жолдорунун» өкүлүнүн билдирүүсүнө жараша, кол жүгүнүн жана багажынын нормадан ашкандыгы, рейске кечигип келген жүргүнчүлөр үчүн каттоону ачуу жана аларды отургузуу шарттары авиакомпаниянын жалпыга жеткиликтүү сайтында жайгаштырылган Ташуу эрежелеринде каралгандыгын билдирди. Ал эми жүргүнчүнүн комуз аспабына карата салмактан тышкары габариттердин стандарттары колдонулгандыгы маалымданган.

Кызматкерлердин орой мамилесинин жагдайын тактоо үчүн, алардын аракеттеринен жапа чеккендерден авиакомпанияга жүргүнчүнүн толук маалыматы, каттам, учуу күнү жана убактысы, анын ичинде төлөмдүн квитанциясы менен арыз берүүсү суралган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынаары кабарланган.

Жолугушуунун соңунда жүргүнчүлөр арасында терс пикирлердин жаралышын болтурбоо максатында «Урал аба жолдорунун» кызматкерлерине көрсөтмө берилүүсү жана тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүшү макулдашылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK