Россия Федерациасынын Урал Федералдык Округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

3791

Короновирус пандемиясынын кесепетинен улам, чек аралардын убактылуу жабылышына жана эл аралык жүргүнчүлүк аба-байланыштарынын токтотулушуна байланыштуу, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын мекенине жөнөтүү/кайтаруу иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын   Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу ирээтинде, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жолдомосунун негизинде Кыргызстандын Ыкчам Штабы тарабынан кыргызстандыктарды Екатеринбург шаарынан алып кетүү үчүн чартерлик каттамдардын ырааты түзүлүп, аты төмөнкү аба-каттамдары киргизилди.

«Екатеринбург – Ош» багыты боюнча:

10 июлда - «Уральские авиалинии» абакомпаниясы

 

«Екатеринбург – Бишкек» багыты боюнча:

13 июлда – «Авиатраффик Компани» абакомпаниясы

20 июлда – «Авиатраффик Компани» абакомпаниясы

27 июлда – «Авиатраффик Компани» абакомпаниясы

Жарандардын көптөгөн кайрылууларынан улам, 2020- жылдын 4-июлунда Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Свердлов облусундагы кыргыз коомдук диаспора уюмдарынын лидерлери жана активистери менен биргеликте, Россия Федерациасынын Урал Федералдык Округунда жүргөн кыргызстандыктардын арасында жөнөтүүгө өтө муктаждарды аныктоо боюнча Убактылуу жумушчу топ түзүлгөн. Аталган  жумушчу топ түзгөн жөнөөчүлөрдүн тизмесин аба-компанияларынын кассаларына берилмекчи.

Аба-билеттери аба-компанияларынын кассаларында гана сатылаарын, жеке жактартарабынан алууга мүмкүн эместигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Жарандарды жөнөтүү, тизмесине киргизүүдө жана билеттердин ортомчулар аркылуу сатылуусунда жемкорлук көрүнүштөр орун алууда деген чындыкка дал келбеген ушактардын тарап жаткандыгына байланыштуу суроого Башкы консулдук төмөндөгүнү маалымдайт.

«Кыргызстан Биримдиги» Свердлов облустук коомдук уюмунун жетекчиси, ардактуу эс алуудагы милициянын полковниги Т.О. Акматов башында турган Убактылуу жумушчу топ дагы жогорудагыдай көрүнүштөр орун алганы боюнча жарандардан түшкөн арыздарды кароого жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даяр.

Ошондуктан, баардыгыңыздарды жарандык жоопкерчиликти жана аң-сезимдүүлүктү көрсөтүп, мыйзамсыз иштерге багыт коюу жана күнөөлүлөрдү жоопко тартуу максатында, ар бир факты боюнча билдирип турууга чакырабыз.

Ушуну менен бирге, жалган жана чындыкка дал келбеген маалымат таратуу үчүн жарандар жоопкерчиликке тартылаарына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Жумушчу топтун штабы «Авиатраффик Компани» абакомпаниясынын кассасында төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: Екатеринбург шары Азин көчөсү, 39.

Суроолор боюнча Штабга кайрылуу керек.

Штабдын жана аба-компаниянын тел. номери: +7(343) 370 1726; +7(905) 806 4059

Жумушчу топтун жетекчиси Акматов Таалай Омурзакович +7 (912)

049 7093

«Авиатраффик Компани» абакомпаниясынын өкүлү Бердников Валерий Владимирович +7 (912) 145 55 57

Башкы консулдуктун кызматкерлери +7(343) 227 3939; +7(967) 854 5814.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK