2020-жылдын 18-ноябрындагы пресс-релиз

2197

2020-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын ИИМинин Екатеринбург – Пассажирский станциясындагы линиялык полиция бөлүмүнүн начальниги Евгений Шульгин менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушууга катышышты.

Аталган иш-чара Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жана ардактуу консулдуктардын кызматкерлеринин, ошондой эле Урал мамлекеттик байланыш жолдору университетинин өкүлдөрүнүн  катышуусу менен өттү.

Е.Шульгин жолугушуунун катышуучуларына ушул жылда аткарылган иштин жыйынтыктары, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоо, экстремизм менен террорчулукка каршы аракеттенүү, улуттар аралык жаңжалдарды болтурбоо маселелери боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун катышуучулары Россияда жүргөн чет элдик жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерге, анын ичинде жашаган жеринде каттоого туруу жана иш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин түзүү көйгөйлөрүнө көңүл бурушту. Региондун укук коргоо органдарынын чет ѳлкѳнүн жарандары жана россиялык иш берүүчүлөр тарабынан миграциялык мыйзамдардын сакталышына көзөмөл кылуудагы өзгөчө ролун баса белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK