Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.
2022-жылдын 19-сентябрында Көңүл айтуу китеби Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугунда саат 10.00дөн 18.00гө чейин ачык.
Өзүңөрдүн көңүл айтуу каалоолоруңарды ошондой эле Башкы консулдуктун электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kyrgyzconsulatedubai@gmail.com
Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугу каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардарга тез арада сакайып кетишине тилектеш.