Пайдалуу маалымат

Жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүн сөзсүз түрдө консулдук каттоого туруу зарылбы?

Ооба, консулдук иш аракеттердин бардык түрлөрүн аткарыш үчүн (паспорт алмаштыруу, ЗАГС боюнча суроо талаптар, нотариалдык иш аракеттер ж.б.у.с.) Сиз сөзсүз түрдө консулдук каттоого турушуңуз керек. Консулдук каттоого туруу боюнча маалыматты Сиз бул шилтемеден https://mfa.gov.kg/kg/dm/kyrgyz-respublikasynyn-aksh-zhana-kanadadagy-elchiligi-5ee07471a70c5/menyu---inostrannoe/konsulduk-maseleler/konsulduk-kattoo/onsulduk-kattoo-5c3dfb20d497a табасыз.

1994-жылы берилген (эски үлгүдөгү) паспорттун мөөнөтүн узартууга мүмкүнбү?

Жок. Сиз паспортту алмаштыруу боюнча гана документтериңизди тапшыра аласыз.

Консулдук кызмат акысын кредиттик карта менен же накта акча менен төлөсө болобу?

Жок. Элчилик кайрылуучунун жашаган өлкөсүнө жараша (АКШ же Канада) төмөнкү түрлөрдө гана консулдук акыны кабыл алат:
* АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган Money Order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).

* Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектеринкабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек. (Эскертүү: Канададан money order кабыл алынбайт).

Документтерди кайсы почта кызматы менен жөнөтсө болот?

Элчиликтин дарегине жөнөтө турган документтериңизди Сиз каалаган, ишенимдүү деп эсептеген почта кызматтарын тандап жөнөтсөңүз болот. Эскертчү нерсе, конверттер сөзсүз түрдө трэкинг номери (tracking number) менен болушу керек. Себеби документтериңиздин кайсы жерде бара жатканын текшерип турасыз. Бул Fedex, USPS же UPS болушу мүмкүн.

Ишеним катын алуу үчүн сөзсүз түрдө элчиликке келүү зарылбы?

Ооба, сөзсүз түрдө келүү зарыл. Ишеним кагазын мыйзамдаштыруу нотариалдык иш аракеттер болгондуктан арыз берүүчүнүн өзүнүн катышуусу, кол коюсу талап кылынат Мисалы, мүлктү өткөрүү же мураскерлик укугун өткөрүп берүү жана башка ушул сыяктуу учурларда ар кандай ишеним кагаздарын алууга кызыкдар адамдын өзүнүн катышуусу абзел.
Ошол эле учурда маалымдап кетчү нерсе: элчиликтин консулу АКШнын бардык штаттарына жана Канадага консулдук милдетин аткаруу үчүн кыдырат. Мындай учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары консул барган аймактан эле документтештирсе болот. Консулдун кыдыруусу тууралуу маалыматты 
kgconsul@kgembassy.org электрондук дарегинен же биздин Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчабыздан биле аласыз.

Ишеним кат жаздырып алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

Консул менен мурдатан кабыл алуу күнүн жана убактысын макулдашып, элчиликке келишиңиз шарт. Ишеним кат алуу үчүн Консулдук каттоого турушуңуз керек. Ошондой эле, жаныңызга төмөнкү документтерди алышыңыз керек:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
  • Кайрылуучунун АКШ/ Канаданын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн күбөлөндүргөн документ.
  • Жана башка керектүү документтер (мисалы, эгер Сиз белгилүү бирөөгө квартираңызды сатууга ишеним көргөзсөңүз, Сиздин атыңыз жазылган үйдүн техникалык паспорту же белек кылуу/сатуу келишими).
  • Ишеним көргөзүлүп жаткан кишинин паспортунун көчүрмөсү.
  • АКШ/Канададагы КРнын элчилигинин дарегине жөнөтүлгөн 50 АКШ доллары төлөм акысы. Ишеним катын алуу жөнүндө толук маалыматты бул жерден таба аласыз.

Документтерди жоготуп алган учурда эмне кылыш керек?

Эгер Кыргыз Республикасынын жараны жалпы жарандык паспортун АКШ/Канадага келгенде жоготуп алса, элчиликке сөзсүз кайрылып Кыргыз Республикасына кайтып кетүү күбөлүгүн алуусу зарыл.
Мундай учурларга кабылбаш үчүн элчилик АКШ/Канадага келгенде баардык документтерди ишенимдүү жерде сактоого кеңеш берет элек. Мындан тышкары маанилүү документтердин көчүрмөлөрүн чыгарып алуу (паспорт, ID карта, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк ж.б.) Кыргыз Республикасына кайтып кетүү күбөлүгүн алуу процессин тездетишине шарт түзөт. Кошумча маалыматты 
бул жерден табасыздар.

КР менен АКШнын (КР менен Канаданын) ортосунда кош жарандуулук тууралуу эки тараптык келишим барбы?

Жок. Кыргыз Республикасы менен АКШ/Канада ортосунда кош жарандуулук жөнүндө эки тараптык келишим жок.

Бир эле мезгилде консулдук каттоого турууга жана паспортту алмаштырууга арыз берсе болобу?

Ооба, болот. Бул үчүн элчиликтин сайтында жайгашкан маалыматка ылайык талап кылынган керектүү документтердин баардыгын жөнөтүшүңүз керек.

Мен паспортумду алмаштырышым керек, бирок мен консулдук каттоодо турбаймын. Бул учурда мен эмне кылышым керек?

Сиз бир эле учурда консулдук каттоого турууга жана паспортуңузду алмаштырууга документтерди тапшырсаңыз болот. Эгер паспортуңуздун мөөнөтү өтүп кеткен болсо, консулдук каттоого кабыл алынып, консулдук каттоо белгиси жаңы паспортуңуз аркылуу жүргүзүлөт.