Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев Борбордук Азия маселелери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник мырза менен жолугушуу өткөрдү

4514

2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев Борбордук Азия маселелери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында учурдагы эки тараптуу жана аймактык кызматташуу, ошондой эле келечектеги коюлган жалпы пландар талкууланды.

Атап айтканда, бул жолугушуунун жүрүшүндө Жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын кезектеги жыйынын күн тартибинин долбоору, эки тараптуу макулдашуунун долбоорун талкулоо үчүн жумушчу топтордун отурумдарынын жыйынтыктары, соода-инвестиция кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери жана башка Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу маанилүү маселелери талкууланды.

Регионалдык кызматташуу маселелери, анын ичинде «С5+1» жана ТИФА алкагында кызматташтык, ошондой эле Афганистан жана Сирияда абалды жөнгө салуу маселелери өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-америкалык мамилелерин комплекстүү түрдө бекемдөө үчүн баaрдык тармактарында өз ара аракеттешүүнүгө даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK