Элчи Б.Аманбаев кыргыз мектептеринде англис тилин  терең үйрөтүү маселесин талкуулады

3063

 

2021-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Тынчтык корпусунун директорунун милдетин аткаруучу К.Спан менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык, тагыраак айтканда, Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду. Бакыт Аманбаев Тынчтык корпусунун Кыргызстанда 30 жылга жакын убакыттан бери англис тилин мектеп окуучуларына, мугалимдерге үйрөтүүгө багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, алардын ишмердүүлүгүн мындан да жакшыртуу боюнча конкретүү сунуш пикирлерин ортого салды. К. Спан айым өз сөзүндө COVID-19 пандемиясынын себебинен улам Тынчтык корпусунун ыктыярчыларын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү токтоп калгандыгын маалымдап, келечектеги иш пландары пандемия учурунда да айрым бир ыктыярчылар виртуалдуу форматта иштеп жаткандыгын кошумчалады. 

Талкуунун жүрүшүндө тараптар Тынчтык корпусунун келечектеги ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун артыруу боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашышты.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK