Элчи Б.Аманбаев FLEX программасына катышкан кыргызстандык окуучулардын санын көбөйтүү жана аймактарда англис тилин терең үйрөтүү маселесин талкуулады

3285

 

2021-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча улуу вице - президенти М.Кёртис менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык тарап Кыргыз Республикасында Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Элчи Б.Аманбаев FLEX программасына катышкан кыргызстандык окуучулардын санын көбөйтүү  жана айылдык окуучуларга англис тилин терең үйрөтүү боюнча долбоордун санын арттыруу боюнча сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Б.Аманбаев учурда Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселе өлкө экономикасын көтөрүү экендигин баса белгилеп, ал үчүн өлкөбүз учурда айыл чарба, энергетика, туризм, тоо кен иштетүү жана IT тармактары боюнча адистерге аябай муктаж экендигин кошумчалап, келечекте ушул тармактардагы адистерге колдоо көрсөтүлсө жакшы болоорун кошумчалады. 

Маалымат үчүн: Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештердин иш аракети өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө илим тармагында ишеген адистерге колдоо көрсөтүү, ар түрдүү тармактагы адистердин билим тажрыйбасын арттыруу, маданий карым-катнашты күчөтүү, тил үйрөнүү, билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу эл аралык байланыштарды жана өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган.

 

 


 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK