Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчилиги тарабынан иш-чара уюштурулду

4592

2019-жылдын 7-апрелинде Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында, Нью-Йорк, Мэриленд, Огайо, Пенсильвания, Иллинойс, Вирджиния штаттарында жана Канадада жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчилиги тарабынан иш-чара уюштурулду.

Кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын 9-жылдыгына байланыштуу, иш-чаранын катышуучулары 2010-жылдын 7-апрельдеги кайгылуу окуяларында курман болгондордун элесине таазим кылышты. Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси Болот Отунбаев кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон ушул кайгылуу окуяларда курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Болот Отунбаев мекендештерибизди Нооруз майрамы менен куттуктап жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы дипломатиялык миссиянын башчысы Б.Отунбаев мекендештерибизди кыргыз тилинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили статусун алгандыгынын 30-жылдыгына арналган иш-чараларга жигердүү катышууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75-жылдыгына байданыштуу кызматташтыкты, эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды кенейтүү, Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча  Министрликтин маанилүү ролу белгиленди.

Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары кыргыз элдик ырларды жана бийлерди аткарышты, ал эми балдар үчүн элдик жомоктор окулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK