Президент Садыр Жапаровдун саясатынын мазмуну америкадагы мекендештерге  түшүндүрүлдү

2619

2022-жылдын бешинчи жана алтынчы февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын АКШ дагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Калифорния штатында жумушчу иш сапары менен болду. Эки күндүк иш сапары учурунда Бакыт Аманбаев Калифорния штатынын Лос-Анджелес, Санта-Моника,Глендэйл, Вудленд Хиллз жана башка шаарларында жашап, окушкан кыргызстандык атуулдар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда элчи мырза чет өлкөдө жүрүшкөн мекендештерге Кыргыз Республикасында соңку бир жыл аралыгында орун алган саясий окуялар, Президент Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясатынын мазмунун кеңири түшүндүрүп, атуулдардын суроолоруна жооп берди. Мекендештер кыргыз бийлигинин Чикаго жана Нью-Йорк шаарларында консулдук ачуу чечимин кубатташып, келчекте Калифорния штатында да өзүнчө консулдук ачууну өтүнүштү. 
Ал эми Бакыт Аманбаев өз сөзүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров соңку отуз жылда эч бир президент жасабаган иштерди аткарып жаткандыгын айтып, ага мисал катары Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу болгон Кумтөр кенинин элдин кызыкчылыгына иштетиле баштагандыгы, конституциялык реформа жүргүзүү аркылуу өлкөдө бир баштуу аткаруу бийлиги бар жоопкерчиликтүү мамлекеттик бийлик системасы түзүлгөндүгүн жана  Кыргызстанда соңку он жыл бою улантылган партиялык коррупцияга чекит коюлуп, карапайым элдин Жогорку Кеңешке партия лидерлеринен көз карандысыз эркин шайлануу жана каалаган адамына добуш берүү укугу кайтарып берилгендиги келтирди. 
      Ушул эле күндөрү элчиликтин консулдук кызматкерлери атуулдардын мөөнөтү өтүп кеткен паспортторун жана башка документтерин алмаштырышып,  эки күндүн ичинде жүздөн ашуун атуулдарга консулдук кызмат көрсөтүлдү. 
Жолугушуу учурунда мекендештер,  Калифорнияга Кыргыз Республикасынын АКШ дагы элчиси соңку жыйырма жыл бою бир дагы жолу келип, эл менен жолугушуп, мамлекетте болуп жаткан саясатты түшүндүрүп, атуулдардын суроолоруна жооп бербегендигин айтышып, Бакыт Аманбаев жана башка элчиликтин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдиришти. 
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK