Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарында жана Канададагы Элчилигинде Genius Олимпиадасынын катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү

4918

Ушул жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Освего шаарында болуп өткөн Genius Олимпиадасына катышкан кыргызстандык эки окуучулар тобун кабыл алды.

Кыргызстандын элчиси Б.Отунбаев  жогоруда аталган олимпиаданын жеңүүчүлөрдүн бийик жетишкендиктери менен куттуктады.

Кыргызстандык олимпиада  катышуучулары Genius олимпиадасы экологиялык проблемаларды глобалдык деңгээлде түшүнүүгө, илим аркылуу туруктуулукка жетишүүгө, көркөм өнөр, чыгармачыл жазуу, инженердик, дизайн жана бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Бул олимпиада мектеп окуучуларына жаран, жетекчи, окумуштуу, сүрөтчү, жазуучу, инженер, саясатчы катары калыптанууга жана өмүр бою экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган билимин жана жөндөмдөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Genius олимпиадасы студенттер тарабынан экологиялык көйгөйлөрдү табуу жана аларды чечүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

 Жолгушуунун соңунда Элчи Б.Отунбаев баардык окуучуларга мындан аркы окуудагы жетишкендиктерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK