Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Америкалык компания менен биргелешип жергиликтүү ооруканаларга жардам берүү багытында долбоорду ишке ашырууну макулдашышты

204

24-октябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Америкалык Project C.U.R.E компаниясынын коомчулук менен байланыш кызматынын директору доктор Аюб Аюби менен жолугушту. Жолугушууда элчи мырза Кыргызстанда соңку үч жылда Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен өлкөнүн ичинде жана региондук деңгээлде ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлор жана анын маңызы тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын ресурстук потенциялы менен кыскача тааныштырды. Ошондой эле Бакыт Аманбаев кыргыз бийлигинин соңку жылдардагы өлкө экономикасын көтөрүү багытындагы ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, кыргыз элинин жыргалчылыгын жакшыртуу максатында келечекте биргелешип долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

 Ал эми доктор Аюб Аюби болсо, өзү жетектеген компанянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ал эмгектенген компания соңку бир нече жылдар бою өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга олуттуу салым кошуп келишкендигин айтып, башка өлкөлөрдө ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымат берди. Жолугушуу учурунда тараптар, келечекте Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы, тагыраак айтканда, өлкөдөгү айрым ооруканаларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча биргелешип долбоорду ишке ашырууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Project C.U.R.E - 1987-жылы дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо жаатындагы муктаждыктарды камсыз кылуу максатында уюштурулган. Азыркы учурда Project C.U.R.E дүйнөдөгү 135тен ашык өлкөдө ар кандай ооруканаларга, дарыгерлерге жана медайымдарга керектүү медициналык буюмдарды, жабдууларды муктаж болгон өлкөлөргө жеткирүүчү эң ири дистрибьютордук компания болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK