Америкалык компания менен эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды

133

2024-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Аманбаев «General Electric» компаниясынын КМШ аймагы боюнча Президенти Бела Ференци менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев Кыргызстан гидро энергетика тармагында колдонулбай жаткан ири ресурс байлыктарына ээ экендигин белгилеп, Президент Садыр Жапаров жетектеген кыргыз бийлиги бул тармакты өнүктүрүүгө соңку жылдары олуттуу көңүл буруп, республика боюнча ири долбоорлор ишке ашырыла баштагандыгына конкреттүү мисалдар менен токтолду. Ошондой эле Бакыт Аманбаев Токтогул ГЭСин модернизациялоо максатында  «General Electric» компаниясы тарабынан аткарылган иштерди канааттануу менен белгилеп аталган компания жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ал эми  «General Electric» компаниясынын өкүлү Б.Ференци мырза өз кезегинде компания тарабынан соңку жылдары Кыргызстанда аткарылган долбоорлор тууралуу кенен маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Б.Аманбаев аталган америкалык компанияны келечекте Кыргызастан менен конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга чакырып, Камбар-Ата-2 долбоорун ишке ашыруу үчүн көз карандысыз техникалык экспертизасын акысыз бүткөрүп берүүнү өтүндү.  

Б.Ференчци мырза өз кезегинде «General Electric» компаниясы Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин белгилеп, элчилик тарабынан сунушталган өтүнүчтү кылдаттык менен карап,  жакынкы келечекте өз жообун берүүгө убада кылды.

«General Electric» (GE) 1892-жылы негизделип, башкы кеңсеси Бостондо  жайгашкан америкалык ири компания. Бүгүнкү күндө компанияда 172 000 адам  иштешет. Мындай сандагы кызматкерлер компаниянын аэрокосмостук, энергетика, жашыл энергияны өндүрүү, санарип өндүрүшү, кошумча өндүрүш жана венчурдук капитал жана финансы тармактарында эмгектенишет. «General Electric» компаниясынын 2022-жылдагы кирешеси 76,56 миллиард АКШ долларды түзгөн.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK