Кыргызстандын АКШдагы Элчиси АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору менен жолугушту

111

8-февралда Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин эл аралык кызматташуу бюросунун директору Марк Казман менен жолугушту.

Жолугушууда климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрү жана анын дүйнө жүзү боюнча айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири, ошондой эле келечектеги кызматташуунун перспективалары талкууланды. Бактыбек Аманбаев өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн жаратылышына терс таасирин тийгизип, көп жылдык мөңгүлөрдүн тез эришине алып келерин белгиледи. Андан соң ал америкалык тарапка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнүн тоо табиятына терс таасиринин алдын алуу максатында акыркы жылдары Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Бактыбек Аманбаев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” деп жарыялаганын баса белгиледи. Андан кийин 2022-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттери” деп жарыялган тиешелүү резолюция кабыл алынганын айтып берди.

Мындан тышкары, Бактыбек Аманбаев америкалык тарапка “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерин” ишке ашыруу боюнча Глобалдык иш-аракеттер планын тапшырып, анда каралган иш-чараларды ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Марк Казман өз кезегинде кыргыз тарап менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип, келечектеги биргелешкен иштердин багыттары боюнча өз сунуштары менен бөлүштү.

 

  • Кыргызстандын АКШдагы Элчиси АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK