Элчи Бактыбек Аманбаевдин Human Rights Watch менен жолугушуусу

125

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчиси Бактыбек Аманбаевдин Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Вашингтондогу кеңсесинин Директору Сара Йегер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Элчи Б.Аманбаев өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча кеңири маалымат берди. Кыргыз Республикасы демократияны жана адам укуктарын мындан ары да чыңдоо боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Human Rights Watch Директору Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты кубаттап, бул багытты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча конструктивдүү өз ара ишти  кызматташууну макулдашышты.

  • Элчи Бактыбек Аманбаевдин Human Rights Watch менен жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK