АКШнын Сенатору менен жолугушуу

130

2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев Монтана штатынан шайланган АКШнын Сенатору Стивен Дэйнс менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, өз ара иш сапарларды уюштуруу жана алдыда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Элчи Б.Аманбаев Сенаторго Президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде соңку жылдары Кыргыз Республикасында өлкө коопсуздугун чыңдоо, аймактык кызматташтыкты бекемдөө жана өлкө ичиндеги социалдык-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө багытталып аткарылып жаткан аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошону менен катар элчи келечекте АКШ парламенти менен Кыргыз Республикасынын парламенттеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо багытында АКШ Конгрессинде «Достук тобун» түзүүнү сунуштады.

Сенатор парламенттер аралык кызматташтыкты олуттуу өнүктүрүүгө жана талкууланган пландарды ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, жакынкы арада Кыргызстанга иш сапары менен барууга макулдугун берди.

Мындан тышкары тараптар аймактык жана эл аралык деңгээлдеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Жыйынтыгында талкууланган кызматташуу пландарын ишке ашыруу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууну макулдашышты.

 

  • АКШнын Сенатору менен жолугушуу
  • АКШнын Сенатору менен жолугушуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK