Кыргызстанда өстүрүлгөн уйлардын порадаларын жакшыртуу маселеси талкууланды

140

21-февралда Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Монтана штатынын Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин башчысы Крис Дорингтон мырза жана Монтана Улуттук гвардиясынын өкүлү Кристофер Кори мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев Монтана штаты менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуунун жолдору, бул багытта биргелешип иш чараларды жана эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Элчи Бактыбек Аманбаев Кыргызстанда малдын уйдан баштап жапайы топозго чейинки түрлөрү өстүрүлөөрүн белгилеп, Кыргызстандагы уйдун сапатын жакшыртууга муктаж экендигин айтып, мына ушул максатта Монтана штаты менен кызматташтыкты чыңдоону жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Бактыбек Аманбаев өз сөзүндө Монтана штатында уйлардын ангус, шароле, лонггорн жана герефорд атуу түрлөрү сандап өстүрүлөөрүн айтып, ошол уйлардын тоңдурулган уруктарын Кыргызстанга алып барып жайылтуу, бул жаатта жаңы технологиялык ыкмаларды үйрөтүү, тоюттун сарамжалдуу түрлөрүн даярдоо жана келечекте биргелешип тажрыйба алмашуу максатында долбоорлорду аткарууну сунуштады.

КРнын Элчиси ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Монтана штатындагы университеттеринде айыл-чарба факультеттеринде акысыз окууга орун берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу маселесин көтөрдү.

Америка тарап Элчи Бактыбек Аманбаевдин айткан сунуштарын колдоо менен келечекте эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу максатында биргелешип иш алып барууга кызыкдар экендигин билдиришти. Ошондой эле алар жакынкы келечекте Бактыбек Аманбаевдин Монтана штатына келип кетүүгө чакырышты.

  • Кыргызстанда өстүрүлгөн уйлардын порадаларын жакшыртуу маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK