Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Элчиси АКШдагы эң ири банк ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту

108

26-февралда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчиси Б.Аманбаев АКШнын финансы тармагындагы эң ири Финансы жана соода банк ассоциациясынын аткаруучу директору Тодд Боруэлл мырза менен жолугушту. Жолугушууда АКШнын банктары менен кыргыз банктарынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маселеси талкууланды.

Жолугушууда Бактыбек Аманбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу максатында кыргыз банктарына АКШнын банктары менен корреспонденттик эсеп ачуу зарылдыгын белгилеп, бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү суранды. Тодд Боруэлл өз сөзүндө айрыкча соңку жылдары дүйнө жүзүндө орун алган геополитикалык олуттуу окуяларга байланыштуу америкалык банктардын ишмердүүлүгүнө талаптар өзгөрүлүп, натыйжада америкалык банктардын  эл аралык кызматташтыгында олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгендигин кеңири түшүндүрүп берди.

Ошондой эле ал келечекте бул багытта кандайдыр бир натыйжаларга жетүү үчүн кандай иш чараларды аткаруу зарылдыгы тууралуу конкреттүү сунуштар менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы финансылык кызматташтыкты чыңдоо максатында келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашышты.  

Маалымат үчүн: Финансы жана соода банк ассоциациясы (Bankers Association for Finance and Trade) эл аралык финансылык транзакциялар боюнча америкалык алдыңкы дүйнөлүк каржы институттарынын бирикмеси.  Ассоциация инновацияларды жана дүйнөлүк каржы системасынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, жакшыртуу максатында америкалык бир катар банктарды жана каржы институттарынын ишмердүүлүгүн  жөнгө салуучу органдарды жана тармактык кызыкдар тараптарды бириктирген мекеме.

 

  • Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Элчиси АКШдагы эң ири банк ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK