Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Администратордун жардамчысынын орун басары Хавьер Пиедра менен жолугушуу өткөрдү

6779

2019-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Администратордун жардамчысынын орун басары Хавьер Пиедра менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин ортосундагы аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерде кызматташтыктын пландары талкууланды.

Атап айтканда, бул жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанга USAID аркылуу жардам негизги багыттары, Жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын кезектеги жыйынын күн тартибинин долбоорундагы өзгөчө маселелери, келечектеги Кыргызстан жана АКШ ортосундагы жардам программалары боюнча маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен USAID ортусандагы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө өз ара кызыгуу, ошондой эле күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз негизде пикир алмашуу даяр экенин ырастады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK