Кыргызстандын Элчиси менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басарынын жолугушуусуКыргызстандын Элчиси менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басарынын жолугушуусу

84

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Б.Аманбаев ар түрдүү деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде эки өлкөнүн банктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде америкалык тарап өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK