АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу талкууланды

184

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Соода жана өнөр жай палатасынын вице-президенти Дженнифер Миел менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен АКШнын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Элчи Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын ресурстук потенциалы жана жеке бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарын, анын ичинде гидроэнергетика, кен байлыктарын иштетүү, айыл чарба жана текстиль тармактарын белгилеп, келечекте эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берди.

АКШнын Соода жана өнөр жай палатасынын вице-президенти Дженнифер Миэль элчинин сунуштарын колдоорун билдирип, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. АКШнын Соода палатасы ар түрдүү тармактардагы 3 миллиондон ашык америкалык компанияларды бириктирип турганын айтып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү үчүн биргелешип иштөөнү макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK