Вашингтондо Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын көрсөтүүгө арналган иш-чара өттү

551

16-майда Вашингтондо Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз элинин бай тарыхын, маданиятын жана туристтик потенциалын көрсөтүүгө арналган маданий иш-чара өттү. Иш-чарага АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Ак үйдүн, Вашингтондогу дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле АКШда жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Бактыбек Аманбаев чет элдик конокторго кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхы тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасынын түзүлгөн тарыхына токтолуп, кыргыз маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат менен бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго «Бейиш эненин таманында» аттуу кыргыз тасмасынын премьерасы тартууланып, андан соң башкы актёр Э.Эсеналиев менен жолугушуу болду. Тасманын премьерасынан кийин Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган фотокөргөзмө, ошондой эле жип жана мык менен уникалдуу сүрөт тартуу техникасын көрсөткөн кыргызстандык сүрөтчү А.Жаналиевдин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

  • Вашингтондо Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын көрсөтүүгө арналган иш-чара өттү
  • Вашингтондо Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын көрсөтүүгө арналган иш-чара өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK