Кыргызстан менен Монтана штатынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселеси талкууланды

407

2024-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Аманбаев Монтана штатынын губернатору Грег Джанфорте менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жашыртуунун  жолдору талкууланды.

Бакыт Аманбаев губернаторду президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында соңку жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган саясий- экономикалык реформалар тууралуу кабардар кылуу менен  регионалдык деңгээлде аткарылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Андан соң эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча өз сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Бакыт Аманбаев Кыргызстанда малдын койлордон жапайы топоздорго чейин өстүрүлүп жатканын белгилеп, малдын сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Бул максатка жетүү үчүн Монтана штатынан эт багытындагы ангус, герефорд жана симментал уйларынын тоңдурулган уруктарын алып келип, Кыргызстанга малдын сапатын жакшыртуу боюнча атайын долбоорду баштоону сунуштады.

Монтана штатынын губернатору Грег Джанфорте эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерин жакшыртуу максатында бизнес өкүлдөрүнүн өз ара биргелешип  конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Тараптар айыл чарба, билим берүү, тоо-кен тармагы жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелери боюнча бизнес-форум өткөрүү боюнча бир пикирге келишти.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар келечекте эки тараптуу соода экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу максатында биргелешип иш алып барууну макулдашышты.

 

  • Кыргызстан менен Монтана штатынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселеси талкууланды
  • Кыргызстан менен Монтана штатынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK