Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Филадельфия шаарында(АКШнын Пенсильвания штаты) мекендештер менен жолугушту

4495

2020-жылдын 23-февралында – 1-мартында, АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиянын чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары Р.Момбеков, А.Эргешов жана М.Маматалиев Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин жардамы менен, 1-мартында Жогорку Кеңешинин депутаттары Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында АКШдагы мекендештердин жашоосуна байланыштуу актуалдуу жана проблемалуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун маанилүү маселелердин бири АКШнын жетекчилиги тарабынан Кыргызстанды виза чектөө өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгени болду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин өкүлдөрү Кыргызстанды айтылып кеткен тизмеден тез арада жоюуга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мекендештерибизге маалымат берип, ошондой эле америкалык тараптан киргизилген виза чектөөлөргө байланыштуу айрым маселелер боюнча пикирлерин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин өкүлдөрү Филадельфия шаарында өткөн иш сапардын алкагында Пенсильвания штатында жашаган кыргыз диаспорасынын күчү менен уюштурулган кыргыз тилин окутуу боюнча борборунун иши менен таанышты.

Делегация АКШдагы кыргыз диаспорасынын кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү максаттында маанилүү салымын белгилеп, кыргыз борбурунун материалдык-техникалык базасын толуктоо үчүн кыргыз тилинде окуу китептерди тапшырды.

Аталган борбор кыргыз жаш муундарынын арасында кыргыз тилин, ошондой эле биздин маданият, каада-салттарды үйрөтүүгө, жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган коомдук пайдалуу иштер менен алектенет. Аталган борбордо мугалимдер балдарга кыргыз тилин окутушат жана улуттук аспабтарында ойногонду үйрөтүшөт.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK