Соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин АКШнын Финансы министрлигинин, Соода өкүлчүлүгүнүн, Айыл чарба министрлигинин, ошондой эле АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусуна катышуу жөнүндө

4643

 

 

2020-жылдын 11-августунда, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги АКШнын Финансы министрлигинин, Соода өкүлчүлүгүнүн, Айыл чарба министрлигинин жана USAID өкүлдөрү менен онлайн-жолугушууга катышып, анын жүрүшүндө АКШ менен Кыргыз Республикасынын жана Евразиянын чөлкөмүнүн башка мамлекеттерин соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды, анын ичинде эки тараптуу жана региондук соода келишимдери боюнча кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, чет элдик айыл чарба кызматтары институтун алга жылдыруу, чет өлкөлөрдөгү айыл чарба маселелери боюнча "атташе" позициясын киргизүү жана техникалык жана эксперттик колдоонун америкалык программаларын ишке ашыруу.

Онлайн жолугушуу АКШ менен бизнес жана соода программасынын алкагында өткөрүлүп, ал аймактын өкмөттөрү менен америкалык кызматташтыкты бекемдөөгө, соода иш-аракеттеринин деңгээлин жогорулатууга, кесипкөй көндүмдөрдү жана ишкерлердин конкреттүү куралдарын колдонуунун мыкты тажрыйбалары менен таанышууга, экономикалык жана соода маселелери боюнча америкалык компаниялар, бизнес ассоциациялары жана АКШнын мамлекеттик органдары менен ийгиликтүү кызматташуу багытталган.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK