2022-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов менен Анталья жана Алания шаарындагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

1985

Жолугушуу Башкы консулдуктун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдуу маселелери менен таанышуу жана талкуулоо, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, маданият, туризм, Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу, ошондой эле тыгыз байланыштарды мындан ары да улантуу максатында уюштурулду.

Жыйындын катышуучулары жаңы Башкы консулдуктун иши менен таанышып, алдыдагы пландар тууралуу маалымат алышты.

Башкы консул бардык каалоо-тилектерди угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер сөзсүз түрдө каралып, аларды чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт деп ишендирди.

Жарандар Түркиянын миграциялык мыйзамдарында боло турган өзгөрүүлөр тууралуу да маалымат алышты. Буга байланыштуу, келген өлкөнүн эрежелерин жана мыйзамдарын сактоо өтүнүчүн билдирди.

Жолугушуу ачык, конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK