Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунда Рустам Кошонов Муратпаша муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер департаментинин директору Гүлнур Карааслан жана Муратпаша муниципалитетинин тышкы байланыштар департаментинин директору Вурал Коркмаз менен жолугушту

1714

Жолугушууда Анталья шаарындагы жайгашкан Ч.Айтматов атындагы китепкананы ачуунун уюштуруу маселелери талкууланды. Ч.Айтматов атындагы парк 2018-жылдын 23-декабрында Анталья шаарынын Муратпаша районунда кыргыз элинин залкар жазуучусунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ачылган.

Анталья шаарында жаңы китепкананын ачылышы эки боордош элдин маданий байланышын мындан ары да чыңдап, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кеңири жайылтууга, ошондой эле жаштарды тарых, улуттук каада-салт, кыргыз тили менен жакындан тааныштырууга көмөктөшөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө түрк тарап тарабынан 2022-жылга пландаштырылган маданий-социалдык иш-чаралар жана аларга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу да талкууланды.

Жолугушуунун алдында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья шаарынын Кепез муниципалитетиндеги  түрк жазуучусунун Жемил Мерич атындагы китепканага барды. Китепкананын директору Огузхан Жейлан кыскача экскурсия жасап, китепкананын ишмердүүлүгү жана процесси менен таанышып, бул багыттагы тажрыйбаны үйрөнүүгө шарт түздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK