2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов Анталья облусунун губернатору Эрсин Языджы менен жолугушту

1529

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Анталья провинциясынын ортосундагы соода, туризм жана Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Башкы консул губернаторду Кыргыз Республикасынын экспорттук продукцияларынын тизмеси, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер менен тааныштырды.

Өз кезегинде Э. Языджы Р.Кошоновду Башкы консулдуктун ачылышы жана жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле консулдук мекеменин ачылышы кызматташуунун бардык багыттары боюнча пландарды ишке ашырууга олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK