Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры бүткүл элдик аза күтүү күнү деп жарыяланган. 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.

1928

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры бүткүл элдик аза күтүү күнү деп жарыяланган.
2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.
2022-жылдын 19-сентябрында Көңүл айтуу китеби Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунда саат 11.00дөн 15.00гө чейин ачык.
Өзүңөрдүн көңүл айтуу каалоолоруңарды ошондой эле Башкы консулдуктун электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардарга тез арада сакайып кетишине тилектеш. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK