2023-жылдын 25-январында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья шаарындагы кыргыз коомдук уюмдардын лидерлери менен жолугушту

551

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиядагы актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, ошондой эле быйылкы жылдагы маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулашты.
Башкы консул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдоодо жана өнүктүрүүдө кыргыз диаспора уюмдарынын маанилүү ролун белгиледи, ошондой эле мекендештерди биримдикке жана өлкөнүн кызыкчылыгы, өнүгүүсү үчүн тыгыз кызматташууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK