Ушул жылдын 27-январында Анталья шаарынын Кепез районунун мэриясында Башкы консул Рустам Кошонов менен муниципалитеттин башчысы Хакан Түтүнжү мырзанын жолугушуусу болуп өттү

502

Жолугушууда Башкы консул маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маселелерге токтолду. Бул жагдайда дипломат кыргыз маданият борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Маектешкендер бул демилге эки тараптуу маданий пикир алмашуу процессине өбөлгө түзөөрүнө макул болушту. Ал жолугушуулардын жана маанилүү иш-чаралардын жайына айланат. 

Тараптар талкууланган маселелерди ишке ашыруу максатында жумушчу байланыштарды улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK