Ушул жылдын 1-февралында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья облусунун губернаторунун орун басары, чет элдик консулдук мекемелердин ишин көзөмөлдөгөн Айдын Абак мырза менен жолугушту

525

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасында жүрүү шарттарын талкуулоо максатында өттү. 

Аймакта жашаган мекендештердин жана коомдук уюмдар өкүлдөрүнүн кайрылууларын эске алуу менен  Башкы консул жашоого уруксат алууну жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик алымдын баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Өз кезегинде губернатордун орун басары бул маселе боюнча максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Ушуну менен бирге тараптар маданий иш-чараларды өткөрүү маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK