Жайкы туристтик сезондун алдында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу бардык каалоочуларга Кыргызстанга унутулгус жана кызыктуу саякат жасоо үчүн сонун мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну сунуштайт. «Инновация» коомдук кыймылынан “Аталар мурасы” аттуу автордук тур башталганын кубаныч менен кабарлайбыз.

225

Туристтик саякаттын узактыгы 11 күн, 10 түн. Программа улуулар үчүн өзүнчө турларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү менен 14 жаштан 25 жашка чейинки өспүрүмдөргө, мектеп окуучуларына жана студенттерге багытталган.

Сапардын алкагында тарых менен байланышууга, Кыргызстандын бай маданияты жана кооз жаратылышы менен таанышууга, ошондой эле өлкөнүн негизги кооз жана тарыхый жерлерине барууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанга саякат сизге жаркын, позитивдүү эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди тартуулайт!

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштар менен кайрылсаңыздар болот: +90 546 557 04 71, +996 701 97 97 47, e-mail: kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK