2023-жылдын 27-апрелинде Анталья облусунун Соода-өнөр жай палатасынын (ATSO) чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Рустам Кошонов Антальядагы Уюшкан өнөр жай аймагына (OSB) барып, директор Илхан Метин жана башкармалыктын мүчөлөрү - ири ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

244

Жолугушуунун жүрүшүндө Антальянын Уюшкан өнөр жай аймагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын эркин экономикалык аймактары менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле инвестициялык кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Түрк тарап Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Буга байланыштуу тараптар бул багытта кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK