2023-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулу Рустам Кошонов менен Анталья шаарынын мэриясынын Башкы катчысынын орун басары Дурмуш Али Арсландын жумушчу жолугушуусу болуп өттү
Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык, маданий-гуманитардык мүнөздөгү биргелешкен иш-чараларды уюштурууга багытталган Башкы консулдуктун демилгелерин ишке ашыруу боюнча практикалык чараларга көңүл бурулду.
Сүйлөшүүнүн соңунда Анталья мэриясы менен кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пландар белгиленди.