Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулу Рустам Кошонов ушул жылдын 15-16-сентябрында Стамбул шаарында өтүп жаткан Эл аралык 10-дүйнөлүк түрк бизнес Курултайынын ишине катышты.

102

Курултайдын иши соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн катышуучу мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү аркылуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдоган, Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, чет өлкөлүк делегациялардын башчылары, дипломатиялык миссиялардын башчылары, Түркия менен түрк өлкөлөрүнүн ири ишкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Рустам Кошонов курултайдын катышуучулары менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана ар түрдүү тармактарда кызматташуунун перспективалары тууралуу айтып берди.

Иш-чара Түркиянын Тышкы Экономикалык байланыштар башкармалыгынын алдында иш алып барган Дүйнөлүк Түрк Ишкерлер Кеңеши тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK