2023-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов Антальядагы «Antalya OFM Hastanesi» клиникасынын директору Осман Тарык Өзчелик мырза менен жолугушту

128

Жолугушууда Анталья шаарында эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Башкы консулдук менен медициналык мекеменин ортосунда мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча мындан аркы кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK