Ушул жылдын 23-сентябры Антальяда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 34 жылдыгына арналган «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү

145

Иш-чараны КРнын Антальядагы Башкы консулдугу кыргыз коомчулугу менен биргеликте уюштуруп, ага ардактуу конок – Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов чакырылган. Кечеге азербайжан, казак, өзбек, туркмен жана уйгур коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана башка көптөгөн меймандар да чакырылган.

Атайын конок катары Акдениз университетинин адабият, түрк жана эски түрк тили факультетинин профессору Суат Унлу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө кыргыз жана түрк тилдеринин тарыхый байланыштарына жана окшоштуктарына токтолду.

Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмө уюштурулуп, келген конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Кечеде көрүүчүлөргө кызыктуу концерттик программа тартууланып, мекендештердин арасынан чыккан таланттуу музыканттар, улуттук ырларды аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты.

Облустагы кыргыз коомчулугунун маданий турмушуна активдүү катышкан жарандарга татыктуу сыйлыктарды тапшыруу кеченин жагымдуу аякташы болду.

Башкы консулдук бардык мекендештерди майрамы менен куттуктайт, жылуу жана достук маанайда өткөн иш-чараны уюштурууга катышкандарга терең ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK