Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулу Рустам Кошонов менен Анталья облусунун жаңы дайындалган губернатору Хулуси Шахин мырзанын жолугушуусу болуп өттү

114

Рустам Кошонов облус башчысын кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда маданий-гуманитардык, соода-экономикалык компоненттерге басым жасоо менен аймак менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Башкы консул Анталья провинциясында эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоого уруксат алуусун жеңилдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK