2023-жылдын 14–17-октябрында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Түркиядан келген ишкерлер жана инвесторлор тобу Кыргызстанга келишти. Делегациянын курамында Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагындагы ири компанияларынын жетекчилеринен түзүлгөн

136

Иш программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.Жаныбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары И.Асылкулов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Н. Баясов менен сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы энергетика, айыл чарба, соода жана инвестиция тармагындагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү перспективалары боюнча пикир жана көз караш менен алмашышты.

Бул контекстте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери түрк ишкерлерин өлкөнүн экономикасын диверсификациялоого, жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын Башкы консулдугунун, тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жардамы менен бизнес-делегация бир катар ийгиликтүү өндүрүш ишканалары жана объектилери менен таанышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында бизнесмендер сунушталган бардык багыттар боюнча тыгыз, өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK