Ушул жылдын 17-18-февралында Анталия шаарында Алтынчы Эл аралык этноспорт форуму «Салттуу спорттун түрлөрүн кайра жаратуу» урааны астында өттү.

142

Форумга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган делегация катышты.

Форумдун ачылышында Дүйнөлүк этникалык спорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады. Андан соң форум өз ишин панелдик талкууларда уланып, анда салттуу спорттун келечеги жана этноспорттун эл аралык кызматташууга кошкон салымы талкууланды.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү чет элдик этникалык конфедерациялардын өкүлдөрү менен мазмундуу жолугушууларды өткөрүштү, анын жүрүшүндө кызматташтыктын абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Салтанаттын жыйынтыгында министр Алтынбек Максутов ДЭК төрагасынын чакыруусу менен катышуучу-өлкөлөрдүн спорт министрлери менен бирге салттуу спорттун түрлөрүн жана оюндарды өнүктүрүү тууралуу Жогорку деңгээлдеги министрлердин Биргелешкен билдирүүсүнө кол койду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK