Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов ЕККУ/ДИАУБдун жаңы дайындалган директору Маттео Мекаччи менен жолугуу

2782

Ушул жылдын 15-январында, Венада, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов ЕККУ/ДИАУБдун жаңы
дайындалган директору Маттео Мекаччи менен жолугушту.

Туруктуу өкүл Б.Джусупов ушул жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында болуп өткөн президенттик шайлоого жана референдумга
байкоо жүргүзүү процессине активдүү катышкандыгы үчүн ДИАУБ миссиясына ыраазычылык билдирди. Шайлоо процессин өркүндөтүү жаатында
ДИАУБ менен мындан ары кызматташтыкты улантууга кыргыз тарабынын даярдыгын билдирди. Шайлоонун жана референдумдун алдын ала
жыйынтыктары жөнүндө кыскача маалымат берди. Ушул жылы Кыргыз Республикасында конституциялык реформа жана парламенттик шайлоо боло
тургандыгына көңүл бурду.
Учурдан пайдаланып, Б.Джусупов М.Мекаччини КРга ДИАУБдун жаңы дайындалган жетекчиси катары келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде, ДИАУБдун директору М.Мекаччи ДИАУБ миссиясын чакыргандыгы жана Кыргыз Республикасында жолугушууларды уюштурууга
көмөктөшкөнү үчүн Кыргыз Республикасынын бийликтерине ыраазычылыгын билдирди. Кызматташууну улантууга жана кеңейтүүгө чакырды. Кыргыз
Республикасынын улуттук приоритеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, ДИАУБ мандатынын алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

  • Ушул жылдын 15-январында, Венада, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов ЕККУ/ДИАУБдун жаңы
дайындалган директору Маттео Мекаччи менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK