КРнын ЕККУдагы Туруктуу өкүлүнүн ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

2887

КРнын ЕККУдагы Туруктуу өкүлүнүн ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Ушул жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Венадагы эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Бакыт Джусуповдун ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Б.Джусупов маектешин кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы абал, ок атууну токтотуу боюнча жетишилген келишимдер жана тараптардын конфликтти сүйлөшүүлөр жолу менен гана жөнгө салуу ниети тууралуу маалымдады. Ошол эле учурда, конфликттен жабыр тарткан чек ара аймактарындагы жергиликтүү калктын жана этникалык топтордун ишенимин бекемдөө чараларын калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Жогорку комиссар атышууну токтотуу жана кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттады. Жогорку комиссардын ыйгарым укуктарынын алкагында өзүнүн Офисинин тийешелүү колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK