2021-жылдын 16-майында Вена шаарындагы Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Австриядагы Маутзаузен концлагеринин бошотуусуна 76 жыл болгон эскерүү аземине катышты.

2105

2021-жылдын 16-майында Вена шаарындагы Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Австриядагы Маутзаузен концлагеринин бошотуусуна 76 жыл болгон эскерүү аземине катышты.

Элчиликтин өкүлдөрү, 1940-1945 жылдары СССРдин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары камака түшкөн концлагеринин борбордук монументине жана 1941-жылы советтик атуулдар курган “советтик лагерь” деп аталган жерге гүлчамбар коюшту.

Расмий экеруу аземге тирүү калган күбөлөр жана замандаштар, дипкорпустун, коомдук организациялардын жана диний конфесиялардын өкүлдөрү катышышты.

Маутхаузен концлагери жана анын филиалдарына 335 миндей адам камака түшкөн, 122 миндей адам өлгөн. Концлагерь 1945-жылы америкалык аскерлер тарабынан бошотулган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK