19.05.21 Элчи Б.Джусупов менен Австриянын санарип жана экономикалык иштери боюнча Федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Ф.Вессиг ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуу болуп өттү.

2208

19.05.21 Элчи Б.Джусупов менен Австриянын санарип жана экономикалык иштери боюнча Федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Ф.Вессиг ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын 7-жыйынынан алкагындагы келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Жолугушуунун практикалык компонентин чыңдоо боюнча биргелешкен жалпы мамиленин негизинде жакшы натыйжага жетиштик деп макулдашты. Кийинки кезектеги Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия жыйынын эки тарапта эпидемиологиялык туруктуу кырдаал түзүлгөндөн кийин тараптар макулдашкан мөөнөттө өткөрүү максатка ылайыктуу деп макулдашты.

Б.Джусупов Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал - жаңы Конституциянын кабыл алынышы, өлкөнүн Президентинин жана Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүшү, Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү жөнүндө Ф.Вессигге маалымат берди. Ушул өзгөртүүлөргө ылайык, бардык Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиялардын курамы дагы кайра каралууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Элчиси экономикалык жана инвестициялык приоритеттер өзгөрүүсүз экендигин жана Кыргызстан мурдагыдай эле, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталгандыгын белгиледи. Б.Джусупов Кыргызстан Австриянын технологияларын жана экономикасын айыл чарба, гидроэнергетика жана туризм сыяктуу тармактарга тартууну көздөп жаткандыгын баса белгиледи. Элчи ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Австриянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экендигин айтты. Кыргыз Республикасында 7 регион бар жана алардын ар бири өзүнчө экономикалык мүнөздөмөлөргө жана инвестициялык жагымдуулукка ээ.

Буга жооп кылып Ф.Вессиг Борбор Азия региону Австриянын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин, туризм жана гидроэнергетика Кыргызстанда көңүл чордонунда болорун баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK