2021-жылдын 25-майында КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов КРнын Австриядагы Жогорку Австрия федералдуу жерине Ардактуу консул Вальтер Брембергер дайындалышы менен куттуктады

2502

2021-жылдын 25-майында КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов КРнын Австриядагы Жогорку Австрия федералдуу жерине Ардактуу консул Вальтер Брембергер дайындалышы менен куттуктады жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Вальтер Брембергер ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Жогорку Австрияда жашаган КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Элчи Бакыт Джусупов Австриянын экономика чөйрөлөсүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн контакттарды илгерилетүүдө Ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK