2021-жылдын 25-майында КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов КРнын Австриядагы Зальцбург федералдуу жерине Ардактуу консул Вольфганг Хеттеггер дайындалышы менен куттуктады

2672

2021-жылдын 25-майында КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов КРнын Австриядагы Зальцбург федералдуу жерине Ардактуу консул Вольфганг Хеттеггер дайындалышы менен куттуктады жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Вольфганг Хеттеггер ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Зальцбергта жашаган КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Элчи Бакыт Джусупов Австриянын туристтик чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн контакттарды илгерилетүүдө Ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK