Кыргызстандын теңтөрагалыгы астында ЕККУдагы Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун экинчи жыйыны болуп өттү

2102

2021-жылдын 4-июнунда Венада, ЕККУдагы Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун үчилтик форматындагы экинчи жыйыны болуп өттү. Жыйын АКШнын төрагалыгы астында өтүп, ага топтун теңтөрагалары: Кыргызстан жана Испания катышты.

Достор тобунун тең төрагасы, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Б.Джусупов өзүнүн киришүү сөзүндө жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕККУнун экинчи өлчөмдөгү механизмдерин колдонуу аркылуу жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө өнөктөштөрдү чакырды.

Ошондой эле жаштардын өнүгүүсүндө негизги факторлордун бири билим берүү экендигине көңүл буруу менен, Туруктуу өкүл ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ЕККУну чакырды.

Достор тобунун Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү үчүнчү жыйыны 2021-жылдын сентябрь-октябрь айларына пландаштырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK