11-июньда Элчи Бакыт Джусупов Австриянын Европа жана Эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Башкы катчысы Питер Лаунски-Тиффенталь менен жолугушту.

2141

11-июньда Элчи Бакыт Джусупов Австриянын Европа жана Эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Башкы катчысы Питер Лаунски-Тиффенталь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Б.Джусупов маектешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал - жаңы Конституциянын кабыл алынышы, Президенттин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктары менен милдеттеринин өзгөрүшү, Министрлер Кабинетинин жаңы курамы жөнүндө маалымат берди. Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунда бекем тураары жана мурунку милдеттенмелерине берилген бойдон кала тургандыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Элчиси белгилегендей, тышкы саясат жана экономикалык артыкчылыктар өзгөрүүсүз бойдон калууда жана Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган. Тараптар Кыргызстан менен Австриянын гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуусунун чоң потенциалын, атап айтканда, австриялык тарап берүүгө даяр болгон “жеңилдетилген” насыяларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

Австриялык тарап 2021-жылдын күз айына пландаштырылган 1-чи ЕС-БA Эл аралык экономикалык форумуна чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу иш-чаралардын мүмкүнчүлүктөрүн жана мөөнөттөрүн талкуулашты - жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен Кыргыз-Австрия комиссиясынын кезектеги жыйыны, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар.

  • Б.Джусупов маектешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал - жаңы Конституциянын кабыл алынышы, Президенттин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктары менен милдеттеринин өзгөрүшү, Министрлер Кабинетинин жаңы курамы жөнүндө маалымат берди. Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунда бекем тураары жана мурунку милдеттенмелерине берилген бойдон кала тургандыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK